Куралдуу күчтөрдүн Аскер институтунун курсанттары жөө аскерлер унаасын айдаганды үйрөнүштү. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз кызматы бүгүн, 10-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, окууга 100гө жакын курсант катышкан. Иш-чаранын максаты теориядан алган билимди практика жүзүндө ишке ашыруу болгон. Жогорку упай алуу үчүн атайын белгиленген убакыттын ичинде курсанттар бардык тоскоолдуктарды басып өтүүлөрү керек.