Кылмыштуулуктун санын кыскартуу максатында дүкөн жана соода күркөлөрүнө камераларды орнотуу керек

Бишкек ШИИББи кылмыштуулуктун санын кыскартуу максатында дүкөн, соода күркөлөрүнүн ээлерине жана сатуучуларына ички, сырткы камераларды орнотууну сунуштоодо. 

Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.  

Маалыматка ылайык, акыркы учурда дүкөнчүлөргө көп кол салуу болуп жаткандыгына байланыштуу жана кылмыштуулукту азайтуу үчүн дүкөн ээлери соода күркөлөрүн атайын күзөт агенттиктерине тапшыруусу керек. Ал эми түн ичинде соода менен алектенгендер ар бир терезе-эшиктерине темир торлорду орнотуп, ошол аркылуу соода кылуусу зарыл. Ошондой эле ар бир соода түйүндүн айланасын жарыктандырып жана спирттик ичимдиктерди куюп сатууну токтотуу зарыл.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nuru95kg
2014-10-10 22:12:04
эн жакшы! Мальвина Уметбекова азаматсыз ушундай кабар бергениз учун! Бул нерсени тезирек бутуруу керек!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан