Жыл башынан бери Баткен облусундагы "Лейлек" чек ара отрядында жалпы суммасы 18 миллион сомду түзгөн контрабандалык жүктү алып өтүүгө аракет кылган 15 факты катталган. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын башынан бери аталган аймактын көзөмөлүндөгү кыргыз-тажик чек арасында бир куралдуу жаңжал орун алып, ошондой эле аталган аймакта ок-дарылар табылган эки учур катталган.
Кошумчалай кетсек, учурда "Лейлек" чек ара отрядында чек ара инфраструктурасын куруу жана жакшыртуу боюнча иш-чаралар кызуу жүрүүдө.