Өзгөчө кырдаалдар министри К.Боронов сузактык чабандарды койлору менен тез арада Сузак районуна жеткирүү боюнча бардык аракеттерди көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Саат 12:00гө алынган маалыматтар боюнча, ашууда калган 4 чабан 1500 койду айдап, Казарман – Баетов автожолунун 40-чакырымындагы “Макмал” алтын комбинатынан Чет-Булак айылын көздөй бара жатышат. Андан сырткары койчулар Тогуз-Торо райадминистрациясы тарабынан уюштурулган тамак-аш менен камсыздалышканы маалым болду.