Бишкек шаардык мэриясы сентябрь айында жарыкка келген үч эмдин ата-энесине 64 миң сом өлчөмүндөгү акчалай жардам көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, мэриянын өкүлдөрү үч эмди жарыкка алып келген Талантбек Тилешев менен Элзар Узаковага кечээ, 9-октябрда барып жолугуп келишкен.