Бал челекчилер союзу: “Азербайжанда кыргызстандыктар ур-токмокко алынгандыгы боюнча маалымат чындыкка туура келбейт”

"Азербайжандын борбору Баку шаарында кыргызстандык бал челекчилер балы арзан болгондуктан ур-токмокко алынгандыгы тууралуу маалымат чындыкка туура келбейт". Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда SUPER.KG порталына КРнын Бал челекчилер союзунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, бал жарманкесинде мушташ орун алган, бирок окуяга кыргызстандыктардын эч кандай тиешеси жок. “Ушул иш-чара өтүп жатканда айрым бал челекчилер кардарды талашып мушташып кетишкен. Биз өзүбүздүн өкүлүбүз Рафаэл Гулиев менен байланышканда, ал Азербайжанда аны жакшы тосуп алып, ага карата жакшы мамиле жасалгандыгын билдирген. Кыргызстандын балы жергиликтүү эл тарабынан мыкты баага ээ болгон. Ал эми “кыргызстандыктар ур-токмокко алынды” деген маалымат чындыкка дал келбейт”,- дешти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, кечээ, 9-октябрда Бакуда өтүп жаткан бал жарманкесинде "кыргызстандык бал челекчилердин азык-түлүгү арзан болгондуктан, алар ур-токмокко алынышкан" деп азербайжандык басылмалар жазып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан