Эртең, 11-октябрда Бишкек шаарынын Түлөбердиев, Можайский, Боталиев көчөлөрүндө көмөк чордондорду оңдоо иштерине байланыштуу Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленинское, Гроздь, Таш-Төбө, Аламүдүн (Молодёжная, Гоголь, Станционный Тупик, Суворов, Садовая көчөлөрү, ГЭС-3 орто мектеби), Воронцовка (Школьная, Октябрьская, Средняя, Больничная, Киргизская көчөлөрүндө), Көк-Жар (Мадиев, Күмүшалиева, Кыдыкеева, Күйүкова, Кийизбаева көчөлөрүндө) айылдарында жана ГЭС-3 кыштагында көмөк чордондорду оңдоо иштерине байланыштуу Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.
Ошондой эле 12-октябрь күнү саат 09:00дөн 17:00гө чейин Орозбеков, Раззаков көчөлөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлмөкчү.