Сокулук районунда 26 жаштагы айдоочу унаасы менен эки мектеп окуучусун сүзүп алды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 10-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 9-октябрь күнү саат 16:30 чамасында болгон. Анда 26 жаштагы айдоочу унаасы менен 9 жана 8 жаштагы эки окуучуну сүзүп алган. Анын кесепетинен жабыркаган окуучулар ооруканага жеткирилген. Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби иликтенүүдө.