"Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылында айымды тоногон" деген шек менен жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Чүй облустук ИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине 25 жаштагы Ж.Б. аттуу айым арыз менен кайрылган. Анда 12-сентябрь күнү саат 23:00 чамасында белгисиз адам коркутуу жолу менен “Самсунг” жана “Нокиа” үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун жана 3 миң сом акчасын тартып алганын жазган.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Чүй облусунун ИИББинин кызматкерлери тарабынан жергиликтүү 20 жаштагы Иса аттуу жигит колго түшүрүлгөн. Ага карата "каракчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.