11-октябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +17°C, түнкүсүн +5°C
Талас облусу. Күндүз +17°C, түнкүсүн -4°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +20°C, түнкүсүн +6°C
Баткен облусу. Күндүз +18°C, түнкүсүн +5°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +12°C, түнкүсүн +5°C
Нарын облусу. Күндүз +16°C, түнкүсүн -6°C
Бишкек шаары. Күндүз +7°C, түнкүсүн -2°C
Эскертүү!
11-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде үшүк сакталып турат. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.