10-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 875 миллион метр кубду түздү
10-октябрга карата Токтогул суу
сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 875 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу
бүгүн “Электр станциялары” ачык акционердик
коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, былтыр 2013-жылы 10-октябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун
көлөмү 15 миллиард 941 миллион куб метрди түзгөн. Бул көрсөткүч быйыл суу
сактагычтагы суу 25,5 пайызга аз экенинен кабар берет.