
* Мындан 88 жыл мурун, 1926-жылы Кыргыз мамлекеттик Эмгек Кызыл Туу ордендүү академиялык драма театры ачылган. Кийин театрга драматург, жазуучу, коомдук ишмер
Токтоболот Абдумомуновдун ысымы ыйгарылган.

* Мындан 9 жыл мурун, 2005-жылы СССРдин жана Кыргыз ССРинин Эл артисти, 1-даражадагы Манас орденинин кавалери, төкмө акын
Эстебес Турсуналиев 74 жашында дүйнөдөн кайткан. Ал 1931-жылы Манас районунун Арал айылында туулган. Тогуз жашында комуз чертүүнү үйрөнүп, он эки жашында өздүк көркөм чыгармачылык ийримине, райондук, облустук жана республикалык кароолорго катышкан. Жаш кезинен Алымкул төкмөдөн таалим алган. 1946-жылы филармонияга кабыл алынып, бул жерден Осмонкул, Калык, Ысмайыл, Токтонаалы өндүү ырчылар менен бирге эмгектенип, алардын ырларын, айтыш ыкмаларын үйрөнгөн. Акын Токтосун Тыныбеков менен бирге 50дөй айтыштарды жараткан.

* Мындан 53 жыл мурун, 1961-жылы “Habibi” аттуу ыры менен белгилүү болгон египеттик ырчы
Амр Диаб (толук аты Амр Абд-Албасет Абд-Алазиз Диаб) Египеттин Порт-Саид шаарында туулган.

* Мындан 3 жыл мурун, 2011-жылы Киевдин Печерский райондук соту Украинанын экс-премьер-министри
Юлия Тимошенкону 7 жылга эркинен ажыраткан. Сот Родион Киреев аны "2009-жылы Орусия менен болгон газ келишиминде кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, өлкөгө 187 миллион доллар чыгым алып келген" деп тапкан. Ошол эле учурда ага 3 жыл мамлекеттик бийлик органдарында башкаруучулук кызматтарда иштөөгө тыюу салынган.