
* Мындан 24 жыл мурун, 1990-жылдын 14-декабрындагы Кыргызстандын Конституциясына киргизилген өзгөрүүгө жараша Кыргыз ССРинин жогорку аткаруу бийлиги президенттин колуна өткөн. Буга чейин өлкө президенттигине шайлоо тартиби Жогорку Кеңеште чечилгендиктен, жаңы шартка жараша мамлекет башчысын жалпы шайлоо аркылуу чечүү маселеси пайда болгон. Биринчи элдик шайлоо 1990-жылдын 12-октябрында өткөрүлүп,
Аскар Акаев Кыргыз ССРинин биринчи президенттигине шайланган жана анын буга чейинки бийлик ыйгарым укугу мыйзамдаштырылган.
* Мындан 2 жыл мурун, 2012-жылы мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев АКШнын өтүнүчү менен ири финансылык көз боёмочулук боюнча айыпталып Лондондо кармалып, ошол эле күнү күрөө менен камактан чыгарылган.

* Мындан 146 жыл мурун, 1868-жылы немис инженер-конструктору, “Ауди” компаниясынын негиздөөчүсү
Август Хорьх Германияда төрөлгөн. 1909-жылы унаа куруучу компания ачып, немисче "хорьх" (немис тилинен кыргызчага которгондо “ук” дегенди билдирет) деген сөздүн латын тилиндеги котормосун алат да, компаниясын “Ауди” деп атаган.

* Мындан 83 жыл мурун, 1931-жылы Бразилиядагы Рио-де-Жанейро шаарынын символу болуп калган Ыйса Куткаруучунун эстелиги ачылган. Ошол жылдан бери колдорун кенен жайып, бүт шаарды кучагына алып турган эстелик Рио-де-Жанейронун тургундарынын кең пейилдигинин, меймандостугунун белгиси болуп, миллиондогон туристтерди шаарга чакырып турат. Эстеликти дүйнө кереметтеринин катарына кошуу үчүн Бразилиянын президенти да өз добушун берген.
Бул керемет Бразилиянын эгемендүүлүк күнүнө карата тургузулган. Инженер Эктор да Силва Костанын долбоорун шаар тургундары да, мамлекет да, жергиликтүү чиркөөлөр да колдоп, тез аранын ичинде каражат топтошкон. Ыйса Куткаруучунун эстелиги Корковадо тоосунда деңиз деңгээлинен 710 метр бийиктикте жайгашкан. Анын өзүнүн бийиктиги 38 метр болсо, жайылган колдорунун узундугу 23 метр. Курулуштун салмагы болсо 1140 тоннага жетет.