11-12-октябрь күндөрү Чүй, Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде үшүк сакталып турат. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
ӨКМ ири өлчөмдөгү өзгөчө кырдаалдар менен адамдардын өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын күчөтүүгө чакырат.