Көк-Суу жайлоосуна кой айдап чыгып кеткен 2 адам (Түрк-Абад айылынын тургундары) жайлоого жетишкен эмес, аларды издөө иштери бүгүн, 11-октябрда уланууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Түрк-Абад айылынын 1967-жылы туулган Сариев Мурзали жана 1968-жылы туулган Маматалиев Орипжан аттуу тургундар 1-октябрдан бери дайынсыз.