Панфилов районунун тургуну бөлмөдө күйгөн төшөнчүнүн түтүнүнө ууланып өлгөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 11-октябрда билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт Панфилов районунун Кайыңды шаарчасынын 1948-жылы туулган П.Свечников аттуу жаранынын үйүндө чыккан. Өрттүн келип чыкканына чылым чегүүдөгү этиятсыздык себеп болгону айтылууда.