Кечээ, 10-октябрда Москва районунун Ак-Суу айылындагы Шопоков көчөсүндө жайгашкан эски жатакананын ичинен бейтааныш адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, анын ким экени азырынча тактала элек. Жансыз дене ИИМдин кызматкерлерине тапшырылды.