Шаар күнүнө арналган веложүрүшкө мэр Кубанычбек Кулматов, спортчу Евгений Ваккер жана жүздөгөн жарандар катышышты

Бүгүн, 11-октябрда Бишкек шаарынын 136 жылдыгына карата Шаар күнү белгиленип жатат. Бул күнү шаар мэри Кубанычбек Кулматов, Азия оюндарында күмүш медаль тагынган Евгений Ваккер жана жүздөгөн жарандар веложүрүшкө катышышты. Веложүрүш “Ала-Тоо” аянтынан башталды. Катышуучулар Чүй проспекти менен Жаш Гвардия бульварына чейин келип, Москва көчөсүнө көтөрүлүштү. Андан соң сапар Москва көчөсү аркылуу Эркиндик бульварына чейин уланып, эски аянтта жыйынтыкталды. Жалпысынан бул веложүрүштүн катышуучулары 8 чакырым аралыкты басып өтүштү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
sportsmen.boy
2014-10-11 19:29:20
Анан ким биринчи келди?
+1
sportsmen.boy
2014-10-13 08:20:22
Десем эч ким жооп бербейби?
0
admin_portal
2014-10-13 10:51:25
sportsmen.boy, Саламатсызбы!
Бул жарыш эмес жүрүш. Жүрүштө биринчи келген, жеңген дегендер болбойт.
0
sportsmen.boy
2014-10-13 20:21:50
Ха ха рахмат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан