Эртең Бишкекте бензиндин кымбатташына каршы акция өтөт

14-октябрда Бишкекте "Жаңы муун" саясий кыймылы бензиндин кымбатташына каршы нааразычылык акциясын өткөрүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда аталган уюмдун мүчөлөрү интернеттеги социалдык тармактар аркылуу жарыялашты.
Активист Мелис Аспеков өз баракчасында: "Качанкыга чейин биз макул болуп, унчукпай отура беребиз? Биз чыдабай калдык. Дүйнөдө мунай арзандады, бизде, тескерисинче, күйүүчү май кымбаттап жатат",- деп жазып, акцияга катышууга чакырды.
Айта кетсек, 11-октябрга карата Бишкектеги май куюучу жайларда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 49 сом 90 тыйынга чыккан. Бул бир күн мурунку баага салыштырмалуу 1 сом 10 тыйынга кымбат. АИ-80 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литри 41 сом 90 тыйынды (кечээ 41 сом 20 тыйын болчу), АИ-95тин баасы 53 сом 20 тыйынды (кечээ 52 сом болчу) түзүп жатат. Дизель майынын баасы өзгөргөн жок, 43 сом 80 тыйындан сатылууда. Бензиндин баасы Бишкектеги май куюучу жайлардын дээрлик баарында көтөрүлгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
rukopaWnik
2014-10-13 09:16:57
Көтөрүлүш кылып адамдар акция өткөзбөйүнчө чоңдордун артына бешилик менен сайып эскертмейинче өздөрү билип кыса турган жерин кысып калышпай калды го булар ,карапайым ЭЛди кыйнады.
0
baiysh0704
2014-10-13 09:24:34
Бензин кымбат,светтер очуп жатат Кыргызстан онукбой эле олуп бара жатат,Ошто бензин Аи92 52 сом биз да Оштон нааразычылык акциясына чыгабыз эртен.
+3
Abdullah16
2014-10-13 09:43:47
Чын е арзандатыш керек кечее акыркы жолу куйдум эле 200сомго 3.70л.болду.
Мындай кете берсе каяка барабыз я?
+3
Asanb
2014-10-13 10:36:52
Бишкекте АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 49 сом 90 тыйын болсо, Ошто 52,70ке чыкты.Бул деген ото эле чектен чыккандык. Созсуз Акция откоруш керек.Туура деп ойлойм.
+2
myrza80
2014-10-13 11:06:11
Чындыгын айтканда Кыргызстандагы болуп жаткан окуяларды окуп туруп зээнин кейийт,ойлоп корсок бардык айып озубуздо иштеген адамды коро албайбыз,тундук-туштук болуп болунобуз биз карапайым эл ойлонойлучу чиновниктер алар озулорунун кызыкчылыгын ойлойт,ошон учун болунбойлу да чыкыннчыларга каршы турушубуз керек.
+5
aidartegin
2014-10-13 12:10:25
Акыркы окмот айткан убадасын аткарбай жатат..Октябрь айында бензин баасы арзандайт деди эле...Тескери кетти го....Акыры 1 доллар баасы болот го....Аи 92
+3
Frunze1
2014-10-13 14:19:17
Бийликтин козун май басып, казынадан, ал-бул жактан жыйнаган байлыгы козуно аз корунуп калганда бензинди, уюлдук байланышты, электр энергниясынын, ЖХК толомдорун, газдын баасын которуп кутуруп калышчу эле, бул бийлик да мурункулардын изи менен басып, алар уурдаганды булар улантып, жок шылтоонун башын айтып бензиндин баасын котортуп жатышат, негизи бензиндин баасынын которулушуно негиз жок! Анткени дуйнодо мунай арзан, Россияда бензиндин баасы мурунку бойдон туруктуу, анда неге Кыргызстанда
+1
Frunze1
2014-10-13 14:32:09
Бишкекте АИ-92 49,90 сом, Ош-Жалалабатта 53,50-55,00 сомго чыкты, бир жыл мурун баа 36,50-38 сом болуучу, баалар мынча которулуусуно себеп не, менин оюмда бийликтеги кландар Тажикстанга ГСМ сатып тапкан акчасын аз корду корунот, эми ар бир литр бензинден 10 сомдон отурганда элестеткиле кунуно канча акча таап жатат? Тим эле алтындар озунон озу куюлуп жатса бийликтин чонтогуно, элди уруп ойнойбу?!!! Бул бийликти алып тушуп жегенин кустурмайынча турмуш онолбойт, онолбойт... Муну жаш бала да билет
+1
Frunze1
2014-10-13 14:37:02
Бийликти кетирип ордуна башка жегичтерди койбостон буларды камап жегендерин кустуруш керек, 4-5 жылда бери болгондо 4-5 миллиард доллардын башын жешти, (алардын 1,5-3 миллиарды тыштан келген карыз) булар жеп жеп алып качып кете берсин, эл жебеген самсасына пул толоп журо берсинби?!!! Анан да Казактарга сатып жиберген Аксай менен Коксайды кайра кайтарышы керек, жегенди билгендер кусканды да билиши керек... Колдон келсе Акаев менен Бакиевди жакындары менен кошо камап кустурсанар Кыргызстан
+2
Frunze1
2014-10-13 14:40:16
Атамбаевдин командасына, бугунку бийликтегилерге кошуп Колдон келсе Акаев менен Бакиевди жакындары менен кошо камап кустурсанар Кыргызстан бат эле бутуна туруп кетет..... Ал акчалардын эсебинен тышкы карыздарыбыз да толонот, сатылган жерлерди кайтаруунун жолун издообуз керек, ар бир президент жер сата берсе эртен Кыргызстанда кайсы жер калат?!!!

Кыскасы ХХХ ХХХ ХХХ... дагы, турмуш онолбойт дагы, качан болсо аткарылбас убадаларды мол берип упчу эмизип ж
-2
admin_portal
2014-10-13 14:47:17
Frunze1 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
+1
Nurchelo
2015-04-28 10:27:35
ИИИИй, ушулар эле жетишпей жатышыты эле. Былжырап, властька коруно албай, Парламентке коздору жетип, оздору жете албай жургондор го, внимание кылышып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан