Ашууда калган чабандарга жардам бергени кеткен 2 адам дале дайынсыз болууда

Ашууда калган чабандарга жардам берүүгө чыккан 2 адамдын дайыны дале билинбей жатат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 13-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, жардамга жөнөгөндөр Сузак районунун Түрк-Абад айылынын 1967-жылы туулган Сариев Мурзали жана 1968-жылы туулган Маматалиев Орипжан аттуу тургундары болгон. Алар 1-октябрь күнү жолго чыгып кетишкен. Ошондон бери алардын дайыны билинбей жатат.

Айта кетсек, буга чейин Ак-Талаа районунун Көк-Суу жайлоосунда 7 чабандын 2000 баш кою менен ашууда калганы айтылган. 9-октябрь күнү чабандардын бири каза болуп, калгандарынын абалы жакшы экени белгилүү болгон. Ал эми жардам берүүгө чыккан эки жаран жайлоого барышкан эмес. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
beka88
2014-10-13 08:39:00
эми ьабылып калсын аман эсен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан