Аламүдүн районунда жол кырсыгы катталып, 1 адам жабыркады

Аламүдүн районунда жол кырсыгы катталып, 1 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 13-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 11-октябрь күнү саат 22:25 чамасында катталган. Анда БМВ-525 үлгүсүндөгү унаа менен Хонда Сабер үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 1 адам жабыркаган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, БМВ-525 унаасынын ичине кысылып калган айдоочуну чыгарышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан