Ажылык сапарда жүргөн кыргызстандыктар кайтып келе башташты

Сауд Арабиясында ажылык сапарда жүргөн кыргызстандыктар 11-октябрдан тартып Кыргызстанга кайтып келе башташты. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 13-октябрда билдирди. Ажылык милдетин аткарууга барган зыяратчылардын биринчи тобу  11-октябрь күнү саат 23:35те Ошко, ал эми экинчи тобу 12-октябрь күнү Бишкек шаарына таңкы саат 4:45те келишти. Ажылардын эң акыркы тобу 24-октябрда келишмекчи. Ажылык ибадатын аткаргандан кийин бекем ыйманга, адамдык бийик сапатка ээ болуп, таза, тыкан жүрүүгө, бирөөнү төмөн сезип кемсинтпөөгө, эл менен жылуу мамиледе болууга милдеттендирилет.  

Эскерте кетсек, бул жылы ажылык сапарга 3685 кыргызстандык кеткен болсо, алардын ичинен эки жаран каза тапкан. Алардын сөөктөрү жакындарынын уруксаты менен Сауд Арабиянын Мекке шаарында жерге берилген.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан