Өткөн сутка ичинде республика аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, Бишкекте 2 кабаттуу темир контейнердин ички жасалгалары күйгөн

Өткөн сутка ичинде республика аймагында 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 13-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 3, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Талас облусунда 2, Ош облусунда 1, Ош шаарында 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкекте “Имарат курулуш” ишканасына тиешелүү 2 кабаттуу темир контейнердин 48 чарчы метр ички жасалгалары күйгөн. Өрттүн келип чыгышына электр ширетүү иштеринде коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан