Бүгүн, 13-октябрда "Ачык өкмөт" долбоорунун алкагында өткөн маалымат жыйынында КРнын Салык кызматынын башчысы
Замирбек Осмонов "2014-жылы
КРнын Салык кызматынын алдында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө 43,6
миллиард сом чогултуу милдети турган" деп билдирди.
Анын айтымында, бул көрсөткүч 2013-жылдын планына салыштырмалуу 6 миллиард 82,3 миллион сомго (16,2 пайызга) көбүрөөк. "2014-жылдын сентябрь айында пландалган 3,7 миллиард сом салык жана төлөмдөрдүн ордуна 3 миллиард 835,3 миллион сом чогултулган. Бул өткөн жылдын тиешелүү көрсөткүчүнө карата 15 пайызга жогору. Быйыл 9 айда 29 миллиард 969,6 миллион сом салык жана төлөмдөр чогултулуп, план 97,3 пайызга аткарылган",- деди Осмонов.