КРнын УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы текшерүү жүргүзүп, анын натыйжасында Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Мамлекеттик №956-Бишкек-Ош унаа жолдорун куруу дирекциясынын кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражат уурдалганы аныкталды. Анын кесепетинен мамлекетке 1 миллион 254 613 сом зыян келтирилген. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү текшерүүнүн жүрүшүндө №956-жол-эксплуатациялоо ишканасынын жетекчиси К.Т.Т. 2008-2014-жыл аралыктарында кызмат абалынан кыянаттык түрдө пайдалануу менен Бишкек-Ош жол куруу дирекциясынын жетекчилиги менен макулдашпай туруп өзүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө ижарага автомашина алып пайдаланганы аныкталды. Андан сырткары ишкананын карамагында техникалык жактан оң абалда эмес эки автомашина болгон. Натыйжада К.Т.Т. тарабынан болгон мыйзамсыз аракеттин кесепетинен мамлекетке 1 миллиондон ашуун суммадагы каражатка зыян келтирилген. Аталган факты боюнча ККнын 304-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.