Бишкекте милиция кызматкерине кол көтөргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 13-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн түнү №3-орто мектептин футбол аянтчасында 15ке жакын адамдын спирт ичимдигин ичип, коомдук тартипти бузуп жатышканы милиция кызматкерлери тарабынан байкалган. Күч органдары ал жерге барышканда тартип бузуучулардын бири милиция кызматкерине кол көтөргөн. Учурда тартип бузуучу, 24 жаштагы П.Роман кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.