Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Коррупцияга каршы кызматынын өкүлү 2000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы жана Коррупцияга каршы кызматынын өкүлү 2000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 13-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгына Өзбекстандын жараны кайрылган. Анда ал аталган кызматкерлер кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 2000 доллар талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталган болчу. Кечээ, 12-октябрь күнү Кадамжай шаарына жакын жерде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы жана Коррупцияга каршы кызматынын өкүлү пара алып жаткан жеринен кармалышты. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
zman53
2014-10-13 12:47:59
Каралганын го кармалды,алардын андан ары эмне болгонун эч ким билбейт.
0
barsa1984
2014-10-13 13:23:43
Молдонун айтканын ук, жасаганын жасаба............деген ушул экен да...
0
Suke93
2014-10-14 08:57:09
barsa1984, эй бул жерге молдонун эмне тиешеси бар.
0
Erik.00
2014-10-13 13:49:24
оозу бар неренин баары жейт жебеген адам барбекн. колунан келсе кайра чыгып жесин. Адам каалаганда жашаш керек.
+1
uran001
2014-10-13 14:25:46
МВД менен ГКНБнын согушу башталдыбы
0
Frunze1
2014-10-13 14:42:56
Коррупцияга каршы комитет озу коррупционер болсо карышкырга кой кайтарткан заман деп ушуну айтат....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан