Орусияда жасалма сумкаларды алып бараткан кыргызстандык жарандар кармалышты

Новосибирск шаарында бажы кызматкерлери тарабынан чек арадан жасалма “Chanel” сумкаларын мыйзамсыз 
алып бараткан кыргызстандык жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, товардын ээлерине карата “товардык белгини мыйзамсыз колдонгон” деген берене боюнча административдик иш козголуп, айып пул салынды. 

Айта кетсек, жыл башынан бери аталган чек арадан мыйзамсыз түрдө ар кайсы товардык белгини колдонгон 60 миң даана товар кармалган. Жалпысынан 14 миллион рубль чыгым алып келген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан