Ноокат районундагы адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 13-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 12-октябрь күнү саат 17:30 чамасында Ош-Исфана унаа жолунун 19-чакырымында токтоп турган Опель Зафира унаасынан эки адамдын жансыз денеси табылган. Бул боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында каза тапкандар Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын 1984-жылы туулган Ю.И. жана 1974-жылы туулган Х.Р. аттуу тургуну экендиги белгилүү болгон. Аларды белгисиз адамдар ок атуучу курал менен атып кетишкен.
Алдын ала маалыматтарга караганда, каза тапкандардын бири спорт менен, экинчиси жеке акча алмаштыруу иштери менен алектенип жүрчү. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.