Өзгөн райондук сотунун жетекчисинин милдетин аткаруучусуна кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бүгүн, 13-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрь күнү Коррупцияга каршы кызматына Орусиянын А.Х. аттуу жараны кайрылган. Анда ал Өзгөн райондук сотунун жетекчисинин милдетин аткаруучусу С.А.Н. айыптык санкциялар үчүн төлөнгөн 2 миллион сом акча каражатын өзүнө чегерип алганын айткан. Бул боюнча 7-октябрь күнү Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, 12-октябрь күнү Коррупцияга каршы кызматы тарабынан 1 миллион 980 миң сомду арыз ээсинин баласына берип жаткан жеринен арыз ээсинин жактоочусу К.Б. кармалды. Анын айтымында, ал акча каражатын арыз ээси А.Хга бериш үчүн Өзгөн райондук сотунун жетекчисинин милдетин аткаруучусу С.А.Ндан алынганын айткан. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.