"Коррупцияга каршы кызматтын кызматкери кармалды" деген маалымат чындыкка дал келбейт

"Коррупцияга каршы кызматтын кызматкери кармалды" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бүгүн, 13-октябрда билдирди.

Буга чейин Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы жана Коррупцияга каршы кызматынын өкүлү пара алып жаткан жеринен кармалганы боюнча маалымат тараткан эле.

Коррупцияга каршы кызматтын маалыматына караганда, аталган кызматтын кармалды делген кызматкери Аскер прокуратурасы тарабынан күбө катары суралган, учурда өз милдеттерин аткарып жүрөт.

Ошондой эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы контрабандалык жүк боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалганы маалымдалат.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан