АКШнын Кыргызстандагы элчилиги өлкөдө (Кыргызстанда) гейлерди пропагандалоого тыюу салууга багытталган мыйзам долбооруна каршы. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы бүгүн, 13-октябрда билдирди. Элчилик Жогорку Кеңеште каралып жаткан бул мыйзам долбоору адам укуктарына, демократиялык жетишкендиктерге жана өлкөнүн конституциялык кепилдиктерине коркунуч жаратат деп эсептейт.
“Дүйнө жүзүндө ар бир жаран эркин жашоого татыктуу. Адам кимдир бирөөнү сүйүп калганы үчүн добушунан ажырап же түрмөгө камалбашы керек. Жарандардын бир тобун дискриминациялай турган мыйзам бардык жарандардын фундаменталдык укуктарына коркунуч жаратат. Жарандык коомго жасалган кенен чектөө демократияга зыян алып келет. Биз парламент өкүлдөрүн жана элди теңчилик, адилеттүүлүк тарапта турууга чакырабыз" деп айтылат элчиликтин маалыматында.
Айта кетсек, 9-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кумсаларды пропагандалоону чектөө тууралуу” мыйзам долбоору каралган. Ага ылайык, салттуу эмес жыныстагылардын мамилесин даңазалагандар 6 айдан 1 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ошондой эле лесбиянкалардын бирикмесин түзүү жана алардын укугун коргоого тыюу салынат.