
* Мындан 102 жыл мурун, 1912-жылы АКШнын мурдагы президенти
Теодор Рузвельт президенттик шайлоо алдында сөз сүйлөп жатканда анын өмүрүнө кол салынган. Атылган октон жаракат алса да Рузвельт медициналык жардамдан баш тартып, 90 мүнөт сөз сүйлөгөн. Ал ок Рузвельттин төшүнө тийип, аны алып чыгуу кооптуу болгон. Ошондуктан окту Теодор Рузвельт өмүрүнүн аягына чейин алдырткан эмес.

* Мындан 88 жыл мурун, 1926-жылы Лондон шаарында
Алан Милнге таандык “Винни-Пух” китеби жарык көргөн. Англиялык жазуучу Алан Милн өзүнүн уулу Кристофер Робиндин кыялдарын жазып отуруп чыгарма жараткан. Анын баш каарманы Винни-Пух деген мамалак болгон.

* Мындан 84 жыл мурун, 1930-жылы Конго Демократиялык Республикасын 33 жыл башкарган
Мобуту Сесе Секо Конгонун Лисала шаарында туулуп, 1997-жылы 7-сентябрда 66 жашында рак оорусунан көз жумган. Ал 1966-жылы мурдагы өкмөт башчысын, 3 министрди 50 миң кишинин көзүнчө дарга астырганы жана оппозиция өкүлдөрүн репрессиялагандыгы менен эсте калган.