Быйылкы жылдын эсебинен ажылык милдетин өтөгөнү кетишкен кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы эки тобу Кыргызстанга кайтып келишти. Алардын арасында коркунучтуу же жугуштуу ооруга чалдыккандар жана катталгандар азырынча жок, бирок кепилдик жок. Себеби ал жакта адам көп жана алар тыгыз байланышта. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда журналисттерге Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун жетекчиси Нурболот Үсөнбаев билдирди.
“Ажылык зыяратка 3865 адам кеткен, бүгүн үчүнчү рейс келмекчи, азырынча эч кандай жугуштуу же Эбола сыяктуу вирус жуктургандар жок. Ал эми Кыргызстандын аймагына келген ар бир адам атайын текшерүүлөрдөн өтүүдө”,- дейт Нурболот Үсөнбаев.
Эске салсак, алгачкы рейс 11-октябрда Бишкек шаарына таңкы саат 4:45те конгон. Бүгүн түнү үчүнчү рейс келмекчи, ал эми зыяратчылардын акыркы тобу 25-октябрь күнү келери маалым.