Вице-мэр: "Ош шаарындагы 3 миңден ашуун аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр мештери берилет"

Ош шаарында аз камсыз болгон жана муктаж үй-бүлөлөрдүн саны 5 миңден ашуун. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 14-октябрда Ош шаарынын вице-мэри Абдрахман уулу Кутманалы билдирди.    
ышкы жылуулук мезгилине карата жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында бүгүн өтө муктаж болгон 70 үй-бүлөгө электр мештери таратылат. Жалпысынан шаар боюнча көп кабаттуу турак жайларда жашаган 3451 үй-бүлөгө электр мештери берилмекчи. Ал эми 1771 үй-бүлөгө газ баллондор таратылат",- дейт вице-мэр.
Анын айтымында, учурда газ баллондор келе элек, алар 25-октябрга чейин толугу менен таратылат. Ал эми электр мештерди кварталдык комитеттер 2 күндүн ичинде толугу менен таратып бүтмөкчү. 
Ошондой эле буга чейин жергиликтүү тургундарга көмүр сатуу боюнча мэрия 2 ишкана менен келишим түзгөнү маалым.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dadin1
2014-10-14 11:25:48
Тушунбодум электр энергиясын очуруп жатсанар анан электр мештерин таратып бергенинер кандай? Эптеп акча жемейдин дагы бир жолу деп тушундум.
0
uylaak
2014-10-14 17:21:57
Свет очуп атса мурдуларына саябы? же жазда иштетишеби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан