Эртең Сокулук районунун айрым аймактарында электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт

Эртең, 14-октябрда Сокулук районуна караштуу айрым аймактарда саат 11:00дөн 17:00гө көмөк чордондордогу оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Кара-Жыгач”, “Бирлик”, “Кыргызстандын 25 жылдыгы”, “Стрельников”, “Орок”, “ДСК”, “Сельэлектро-2”, “Май”, “Сокулук” көмөк чордондорунан тараган 10/6 кВт аба электр чубалгылары оңдолмокчу.

Оңдоо иштерине байланыштуу Сокулук айылынын Ленин көчөсүндө жана Черёмушки айылында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан