Чет өлкөдө Эбола вирусу күч алгандыгына байланыштуу Либерияда акыркы бир жылдан бери жүргөн Кыргызстандын жараны 21 күн дарыгерлердин карамагында болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун жетекчиси Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, КРнын жараны бир жылдан бери Либерияда кызматтык иш сапары менен жүргөн. Ал мекенине кайтуу алдында тиешелүү министрликтер тарабынан Карантиндик жана санитардык борборго алдын ала маалымдалган.
“Биз аны чек арадан атайын өзүнчө транспорт менен тосуп алдык. Ага атайын изолятор даярдалган. Эбола вирусунун инкубациялык убактысы 2 күндөн 21 күнгө чейин болгондуктан, 21-күнү аны медициналык кароодон өткөрдүк. Кароодон ал адамдын дени сак чыкты, ошондуктан биз аны үйүнө коё бердик”,- дейт Н.Үсөнбаев.