Кечээ, 13-октябрь күнү саат 13:50 чамасында Аламүдүн районунда Хонда Одиссей унаасы Чоң Чүй каналына түшүп кетип, бир адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 14-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, унаанын ичинде 5 адам болгон. Алардын төртөө суудан чыгып, бир адамдын кайда кеткени белгисиз болууда. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок натыйжа болгон эмес. Издөө иштери бүгүн да улантылат.
Алдын ала маалыматтар боюнча, унаа Пакистан өлкөсүнүн тургуну, 1991-жылы туулган Ахмат Шоевге тиешелүү болгон.