Түп районунда баңгизаттарын колдонуучу көмүскө жай табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 14-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, Шаты айылынын Нурлан аттуу тургуну короосунда баңгизатын колдонуучулар үчүн көмүскө жай уюштурган. Ал жакка жакынкы айылдардын тургундары да келишчү. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, көмүскө жайды уюштургандар кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.