Кыргызстан Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуп кирип жаткандыгына байланыштуу өлкө аймагындагы карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекцияларды текшерүүчү жайлардын саны 12ге чейин көбөйөт. Бул тууралуу кечээ, 13-октябрда Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун жетекчиси Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, учурда аталган пункттардан алтысы иш алып барууда, алар Бишкек жана Ош шаарындагы “Манас” аба майданында, “Торугарт” жана “Эркеч-Там” унаа өткөрүү бекеттеринде, ошондой эле Кытай чек арасында жайгашкан темир жолдогу карантиндик-санитардык жай.
"Эл аралык аба майданы статусуна Каракол, Тамчы жана Баткендеги аэропорттор да ээ болгондугунан улам аталган жайларда дагы 5 карантиндик-санитардык жай ачуу пландалууда. Ошондой эле “Кайрыгач”, “Кара-Мык”, “Кызыл-Бел”, “Достук” жана “Кызыл-Кыя” унаа өткөрүү жайларында да карантиндик-санитардык жайлар ачылмакчы",- деп кошумчалайт Н.Үсөнбаев.