Өткөн сутка ичинде республика аймагында 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 14-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 1, Ош облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.
Бишкек шаарында 12 чарчы метр соода күркөсү толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.