Бишкек шаарынын Байтик баатыр жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, 2 адам каза тапты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы бүгүн, 14-октябрда SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн түнү катталган. Анда 30 жаштагы Азат Хонда Одиссей унаасын башкара албай калып, Мерседес-Бенц унаасы менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен Мерседес унаасындагы эки адам каза таап, дагы эки адам ооруканага жеткирилген. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.