Өкмөт үйүнүн астында оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары нааразычылык акция өткөрүп жатышат

Бүгүн, 14-октябрда Бишкекте Өкмөт үйүнүн астында оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары нааразычылык акция өткөрүшүүдө. Алар 25 тонналуу унааларга айдоого уруксат берүүчү токтом чыгаруу талабы менен чыгышты.
"Өкмөт республика ичинде 10 тоннага гана чейин унааларга айдоого уруксат эткен токтом чыгарыптыр. "Мындай токтом жолдор бузулбасын деген ниет менен кабыл алынды" дешет. Биздин Хово үлгүсүндөгү унааларыбыздын өзүнүн салмагы 10 тонна. Ар бир салмак текшерүүчү жайлардан бизге айып салышууда. Эгер биздин талабыбыз аткарылбаса, жалпы өлкө боюнча айдоочулар чыгышат. Бүгүн бир гана Бишкектин айдоочулары келишти",- дейт айдоочу Турдубек Асангариев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zarbalik
2014-10-14 14:52:22
Бир вагонду бир элэ хового жуктоп албай, кичине ынсап кылып, жолго ылайыктап жуктогулода!!! Жолду майканын чыгардынар. Айрыкча токтогулдан нары ош тарапта тараза жок. Машинеси жормолоп калганча жуктойт апсыгышып. Акча коп тапкысы келет, жарымынан кобун кайра ремонтко жумшайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан