Бүгүн, 14-октябрда Бишкекте президенттик кортеж өтчү Тынчтык көчөсүндө "Мен бензиндин кымбатташына каршымын!" деген ураан менен пикет өттү. МАИчилер SUPER.KG порталына билдиргендей, президент жана парламент төрагасынын кортежи пикет башталганга чейин өтүп кеткен. Демек, активисттердин талаптарын президент өз көзү менен көргөн жок.
Акция өтүп жаткан маалда ушул эле жерде башка жарандар (студенттер экенин айтышты) антипикет өткөрүштү. Алар активист Мавлян Аскарбеков өз кызыкчылыгы үчүн акция уюштуруп жатканын айтып турушту.
Мавлян Аскарбеков: “Булар бийлик жөнөткөн “дежурлар”. Ош шаарында ушундай “дежурлар” оппозиция өкүлдөрүн жумуртка менен урушкан, Таласта да бизге курултай өткөрүүгө тоскоолдук жаратышкан”,- деди.
Бензиндин баасы боюнча жаш активисттердин акциясы шаар ичинде унаа жүрүшү менен уланып, айдоочуларга "Мен бензиндин кымбатташына каршымын!" деген баракчалар таратылды. Жүрүш Өкмөт үйүнүн жанынан аяктады.