"Бишкекте күч колдонуп бир айымды тоногон" деген шек менен Достук кичи районунун 16 жашар Э.И. жана Д.Н. аттуу эки тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ, 13-октябрда милицияга арыз менен шаардын Ш.Ольга аттуу тургуну кайрылган. Арызында ал саат 20:20 чамасында 14-15 жаштардагы эки белгисиз бала күч колдонуп 2 даана уюлдук телефонун тартып алганын жазган. Биринчи Май районунун ыкчам издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн “Антирэкет” рейдинин жүрүшүндө Достук кичи районунун эки тургуну кармалган. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.