Үйгө уурулукка кирүү фактысына шектелип Ысык-Көлдүн тургуну кармалды

Бишкектеги Ленин райондук ИИБинин кызматкерлери тарабынан "үйгө уурулукка кирген" деген шек менен

Ысык-Көл облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен шаардын тургуну кайрылып, үйүнөн жалпы суммасы 27 миң сомду түзгөн үй оокаттары жоголгонун айткан. Тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан 28 жаштагы М.Салкын аттуу айым кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан