Маалыматка ылайык, аталган сауна Ош шаарында элиталык болуп саналып, аны саунанын администратору жана дагы бир аял бул жерде сойкукана иштетип келишкен.
Учурда саунанын администратору 54 жаштагы К.Н. жана анын жардамчысы 51 жаштагы М.Ж. Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.