"Казакстандык жарандын унаасын алдоо жолу менен тартып алган" деген шек менен Р.Юрий аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Казакстандын Б.Асел аттуу тургуну кайрылган. Анын айтымына караганда, “Азамат” унаа базарынан Юрий аттуу киши анын ишенимине кирип, Мицубиси Аиртрек үлгүсүндөгү унаасын алып, изин суутуп кеткен.
Милиция тарабынан жүргүзүлгөн “Антирэкет” рейдинин алкагында шектүү деп “Манас” авиашаарчасынын тургуну Р.Юрий кармалган. Учурда шектүү тергөө бөлүмүнө жеткирилип, тергөө амалдары жүрүүдө.