КРнын Куралдуу күчтөрүнүн 52806-аскер бөлүгүнүн базасында Генералдык штабдын аскер кошуундарынын аскер кызматтарынын жана тиешелүү мекемелердин жетекчилерине арналган төрт күндүк ыкчам жыйын өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-октябрда башталган жыйындар 17-октябрга чейин уланмакчы. Аталган иш-чара Куралдуу күчтөрүнүн кызматтарынын кийинки жылга аракетин пландоо жана уюштуруу максатында өтүүдө.
Ошондой эле жыйын 2014-жылга карата аскерлердин жана башкаруу уюмдарынын күжүрмөн даярдыгынын пландарына ылайык, ар түрдүү кызматтардын – инженердик, медициналык, каржылык, радио-химбиокоргонуу кызматы, маалыматты коргоо жана байланышты камсыздоо кызматтарынын аракеттерин ишке ашыруу максатында уюштурулган.