Кыргызстанда электр кубатын 700 киловатт-сааттан ашык колдонгондорго 1 сом 20 тыйындан төлөтүү демилгеленүүдө

Кыргызстанда электр кубатын 700 киловатт-сааттан ашык колдонгондорго 1 сом 20 тыйындан төлөтүү демилгеленүүдө. Сунуш колдоо тапса, электр энергиясынын жаңы тарифтери 2015-жылдын апрелинен тарта иштеп баштаарын бүгүн, 14-октябрда өкмөттүк аппараттын отун-энергетикалык комплекс жана кендерди пайдалануу бөлүмүнүн жетекчиси Туратбек Жунушалиев билдирди. 

Анын айтымында, бүгүн өкмөт алдыдагы 2014-2015-жылдардын жылуулук мезгилине карата тарифтик саясатты талкууга алып чыгат. Жаңы долбоорго ылайык, эгер абонент бир айда электр кубатын 700 киловатт-сааттан ашык пайдаланса, анда 1 киловатт-саат электр энергиясы үчүн 1 сом 20 тыйындан төлөйт. Эгер колдонгон электр энергиясы 700 киловатт-саатка жетпесе, анда тариф азыркыдай 70 тыйын бойдон калат. Башка категориядагы абоненттер үчүн да тарифтер өзгөртүлөт. Абоненттерди 3 фазалуу же 1 фазалуу деп бөлүү жоюлат. 

Эскерте кетсек, президент Алмазбек Атамбаев энергетика тармагындагы кырдаал боюнча жакында билдирүү жасап, анда элди электр кубаты менен камсыздоонун кошумча жолун таппаганы үчүн өкмөттү сынга алган эле. Жоомарт Оторбаев учурда Казакстанда иш сапары менен жүрөт. Анда Казакстандан Кыргызстанга электр энергиясын экспорттоо жана башка маселелер өкмөттүк деңгээлде талкууланып жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Dadin1
2014-10-14 17:32:08
3 фазаны эмнеге кыркып жатасынар анда? 1,20 тыйындан толоно турган болсо.Толойбуз 1,20 дан улап койгула кайра 3 фазаны.Кунуно 3-4 саат эле электр энергиясы берилип жатса 400квт ка деле жетпей калатко, анда 30 тыйындан толой турган кылып койсо болбойбу? 1,20 сом Тологонго ылайык себепсиз электр энергиясын очуруу болсо 2 ай бекер колдоно турган кылса деле жакшы болот ко менимче.
+3
uylaak
2014-10-14 17:33:48
Атамбаев чемоданын салыштырып даярданып аткандыр...
+3
mamyt_92
2014-10-14 17:38:26
Ооба кыйналып калдыго атамбаев билет деле алып Койсо боло берет алдына еле ертарак
+3
nur-patriot
2014-10-14 17:43:37
жакшы болот эми. Главное, светти экономдоп башташ керек 700 киловаттка жеткирбей. 70 тыйын эле төлөп каласын жыргап. Бирок эгер 701 бир болуп калса күйдүн да ))
+4
Umka220190
2014-10-14 17:43:41
Ииииий! Иииии! Эк! Айылда ата-энемди ойлоп жүрөгүм сыгылып кетип жатат! Ал жакта көп эле жашы өтүп калгандар жашашат. Отту жагуу кыйын, түңүлгөндөн түңүлүп бара жатам...
+1
Dooron
2014-10-14 18:12:22
Колуңардан келбесе ч..а Бакиевди кетирип революция кылдыңарбы ыя!? Өнүгөбүз деген үмүттү өчүрдүңөр го!!! Ошол убак менен азыркы убактын эмне айырмасы бар айткылачы!? Алдыга эмес артка тартып атасыңар го. Тескерисинче Бакиевдин убагы керемет болгон экен.
+3
MEDER_KULETOV
2014-10-14 18:28:56
Бул бийлик бир нерсени коргону калдыго!
+2
Kypchak
2014-10-14 19:37:04
Мен бир нерсеге тушунбойм, аткаминерлер светтин очуусун Токтогулга суу толбой жаткандыгы, суу аз келип жаткандыгына байланыштырууда. Анда эмне Тажикстандын жана Казакстандын ГЭСтери сууга толуп жатышат, же алар дуйнолук "глобальный потепление" деген созду билишпейби
0
Aitunuk
2014-10-14 20:11:19
Карапайым калк бир айда 700 киловатт энергияны пайдаланбайт, мисалы, биз 150 - 170 киловатт коротобуз. Керектүү нерсенин баары күн-түнү менен токко туташтырылган. 700дөн ашыкты сауна, ашкана, кафе ж.б. иштеткендер кетиришет, так что ашыкча пайдалангандары үчүн төлөшсүн. Мен каршы эмесмин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан